Тандырда иштеп жүрүп жоголгон кыз Казакстандан табылып, үйүнө кайтууда

754 0

Тандырда иштеп жүрүп жоголгон кыз Казакстандан табылып, үйүнө кайтууда

21-августта Сокулук районундагы Шалта айылында 15 жаштагы Айпери жоголгон. Кыздын туугандары аны 29 жаштагы Кубанычбек аттуу жигит алакачып кетиши мүмкүн деп шектенишүүдө. Ал Айпери менен тандырда чогуу иштечү.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Айпери аттуу кыз Казакстандан аман-эсен табылганын анын атасын Сүймөнкул Эржанов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Айперинин жакындары аны кулчулукка сатылып кетиши мүмкүн деп тынчсызданып, издөөгө казакстандык полиция да тартылган. "Казакстандан аман-эсен табылды. Үйгө алып келе жатышат. Биз абдан кубанып жатабыз", — деди кыздын атасы.

21-августта Сокулук районундагы Шалта айылында 15 жаштагы Айпери аттуу кыз жоголгон. Кыздын туугандары аны 29 жаштагы Кубанычбек аттуу жигит алакачып кетиши мүмкүн деп шектенишкен. Ал Айпери менен тандырда чогуу иштечү.

Чүй ШИИБдин маалыматы боюнча кыздын жашаган жерин аныктоо үчүн Казакстанга атайын ыкчам топ кеткен. Кыргызстандык милиция казакстандык кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында жашы жете элек кыздын жашаган жерин аныкташкан. 26-октябрда Жамбыл облусундагы Балгабек Калдыбекулы айылынан Айпери Сүймөнкул кызы табылган. Ошондой эле 29 жаштагы Ош облусунун А.К. аттуу тургуну кармалган. Учурда аларды Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Источник sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->