$ 68.40 - 68.61
€ 80.56 - 81.19

Сузакта окуучу баланын муунуп өлүшү боюнча териштирүү башталды

653 0

Сузак районундагы 9-класстын окуучусунун өз өмүрүнө кол салышы боюнча териштирүү жана тергөө иштери башталганын ИИМ билдирди.

Эскерте кетсек, 23-октябрь күнү Сымкат айылында уурулукка шектелген өспүрүм үйдүн короосунда муунуп калган. Атасы аны көзүнүн тирүүсүндө табууга жетишкен, бирок бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон.


Сузакта окуучу баланын муунуп өлүшү боюнча териштирүү башталды

"Буга чейин жергиликтүү тургун курал менен акча уурдалганы тууралуу маалымат берген. Кийин баланын атасы келтирилген чыгымды төлөп берип, эки тарап өз ара түшүнүүгө келишкен", — деп айтылат маалыматта.


Сузакта окуучу баланын муунуп өлүшү боюнча териштирүү башталды

Өз жанын кыйган баланын жазып таштап кеткен каты

Сузакта окуучу баланын муунуп өлүшү боюнча териштирүү башталды

23-октябрь күнү Сымкат айылында уурулукка шектелген өспүрүм үйдүн короосунда муунуп калган

Учурда маркумдун туугандарынын арызы каралып жатканы белгиленет.

"Маркумдун туугандары жергиликтүү тургундардын бири баланы сабап, уурулугун мойнуна алдырганын билдирди. Буга баланын өлүм алдында таштап кеткен каты дагы далил катары каралууда", — деп ырасталат маалыматта.


Учурда материалдар Сузак районунун ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөнү белгиленет. Мындан тышкары, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жасалган аракеттер канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин ИИМ иликтөөгө алмай болду.

Булак: http://sputnik.kg






Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->