Бишкек-Ош унаа жолунда 38 тонна күйүүчү май күйүп кетти

116 0

Бишкек-Ош унаа жолунун 500-чакырымында жол кырсыгы катталып, жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында болгон. Анда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа кагылышып кеткен. Натыйжада DAF үлгүсүндөгү унаа 38 тонна күйүүчү майы менен күйүп кеткен. Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->