"Аялымдын өлүмүнө себепкер болуп, эки кызымды энесиз калтырган айдоочу 1 айдан бери табылбай жатат" дейт маркумдун күйөөсү


Аялымдын өлүмүнө себепкер болуп, эки кызымды энесиз калтырган айдоочу 1 айдан бери табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына жол кырсыгынан каза тапкан 23 жаштагы Жанара Бараталиеванын жолдошу Айбек Нуранов билдирди.

"Аялымдын өлүмүнө себепкер болуп, эки кызымды энесиз калтырган айдоочу 1 айдан бери табылбай жатат" дейт маркумдун күйөөсү

"Окуя болгондон бери 1 ай убакыт өттү. Издөө иштери жүргөнү менен Казакстанга чыгып кетти делген кылмышка шектүү Рустам Жалилов дале кармала элек. Ички иштер министрлигинен Жалиловду издөө иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгын билдиришүүдө, бирок натыйжа жок. Ошол себептен улам жактоочу жалдаганга туура келди. Ал учурда тиешелүү документтерди даярдап бүттү. Бүгүн же эртең Прокуратурага арыз менен кайрылууну көздөп жатабыз. Арызда ИИМ жүргүзүп жаткан издөө иштерине көмөк көрсөтүп, Жалилов чыгып кеткен Казакстан аймагындагы тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүлөрдү жүргүзүүнү өтүндүк. Балким ушундай кадамга барганыбызда кылмышка шектүү эртерээк колго түшмөкчү", - дейт маркумдун күйөөсү.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас унаасын башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо 2 баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Кылмышка шектүү ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен. Жаш эненин артында 2 жаштагы жана 3 айлык кыздары калган, аларды учурда маркумдун энеси кароодо.

Автор: Мальвина Уметбекова
Сайт super.kg.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->