КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде рекорд койду


КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде рекорд койду

Курама команда апрелде койгон рекордун жаңылап 99-орунга чыкты.

Кыргызстандын фтубол боюнча курама командасы Футболдун эл аралык федерациясынын (FIFA) рейтингинде рекордун жаңылады. Федерациянын расмий сайтында команда 99-орунга чыгып, апрелде койгон (100-орун) рекордун жаңылаганы айтылат.

Ливан (0:0) жана түркмөн (1:0) командалары менен болгон оюндан КР футболчулары 343 упай топтогон.

Рейтингдин алдыңкы сабында Аргентина, Бельгия жана Бразилия турат. Ал эми Борбордук Азия алкагында биринчи болуп Өзбекстан (48-орун) жана Казакстан (90-орун) турат. Кыргызстандан кийин Түркмөнстан (114-орун) жана Тажикстан (140-орун) бар. Айдын мыкты командасы болуп 49 сапка көтөрүлүп 56-орунга чыккан Черногория командасы аталды. Ал эми начары 52-сапка төмөндөп 139-орунга түшүп калган Кипрдин командасы болду.

Сайт sputnik.kg.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->