$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Эшектин башын кармаган ашпозчунун сүрөтү кайда тартылганы аныкталды

630 0

Эшектин башын кармаган ашпозчунун сүрөтү кайда тартылганы аныкталды

Ушул жылдын 1-февралында кечки саат төрттөр чамасында азият улутундагы аял ашканада эшектин башын кармап түшкөн сүрөтү “Компромат кг” аттуу колдонуучу тарабынан Фейсбук социалдык баракчасына жүктөлгөн. Бул сүрөт коомчулукта катуу талкууга алынган.

Аталган факты боюнча КРнын ИИМдин 10-башкы башкармалыгы атайын оперативдүү-издөө иштерин жүргүзгөн.

Натыйжада чоң талкууну жараткан сүрөт 2016-жылдын 29-январында саат 21:17де "В контакте" социалдык баракчасынын “Армия Мод” тобуна Арман С. аттуу Казакстандын жараны киргизгендиги маалым болду. Ал эми бул сүрөт алгачкы жолу 28-январда ошол эле социалдык тармактын бир баракчасына жарыялангандыгы аныкталды. Мындан улам, ИИМ сүрөт Кыргызстандын аймагынан сырткары жасалып, таралгандыгын билдирет.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->