$ 68.37 - 68.59
€ 80.32 - 81.07

Юрист: 70 миң сом калыңды кызына алдатып жиберген бала акчаны кайтаруудан баш тартты


Юрист: 70 миң сом калыңды кызына алдатып жиберген бала акчаны кайтаруудан баш тартты

Юрист: 70 миң сом калыңды кызына алдатып жиберген бала акчаны кайтаруудан баш тартты

Төрт айдан ашуун сүйлөшүп жүргөн кыз-жигит баш кошууну чечишкен. Жигиттин ата-энеси куда-сөөгү менен сүйлөшкөндөн кийин болочок келининин ата-энесине 70 миң сом карматкан.

Калыңы үчүн берилген 70 миң сомду алган кыз дайынсыз качып кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Импера групп" ишканасынын юристи Эмил Жапакбаев билдирди. Анын айтымында, окуя Ош шаарында болгон.

"Жалал-Абаддык 26 жаштагы жигит Оштун 22 жаштагы кызы менен төрт айдан ашуун сүйлөшүп жүргөн. Анан баш кошууга белсенишкенде жаштардын ата-энеси жолугуп, бала тараптан кыз тарапка 70 миң сом берилген. Андан соң кыз телефонун өчүрүп, дайынсыз жоголгон. Эки айдай байланыша албаган жигит кыздын ата-энесине барган", — деди Жапакбаев.

Юрист бала кыздын ата-энесине барганда алар кызынын ооруканада экенин айтып, дарегин бербей койгондугун кошумчалады.

"Кыз ооруканадамын деген шылтоо менен дагы эки айдай убакыт созгон. Аягында ата-энеси кызын таба албай жатканын айтып, колдорунан эч нерсе келбей тургандыгын билдирген. Ошондон кийин жигит бизге кайрылган", — деди ал.

Жапакбаев юристтер тарабынан арыз даярдалган учурда кардары кайра баш тартканын айтып, ачыкка чыгууну каалабагандыгын кошумчалады.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->