$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Эки автобустун кагылышуусунан кеминде 24 киши өлдү

2277 0

49 киши түрдүү жаракат алышты. Пакистан бийликтеринин маалыматы боюнча, кырсык Пенжаб провинциясына болгон. Жергиликтүү полиция Мухаммед Акрамдын айтуусунда, кагылышууга эки автобустун катуу ылдамдыкта келе жатканы себеп болуусу мүмкүн.

Эки автобустун кагылышуусунан кеминде 24 киши өлдү

Жергиликтүү бийлик өкүлү Зафар Икбал куткаруучулар талкаланган автобустардан жарадарларды жана сөөктөрдү алып чыгып жатышканын маалымдады. Анын айтуусунда, набыт болгондордун саны дагы көбөйүүсү ыктымал.

Пакистандын өкмөттүк кеңсеси бул кайгылуу окуя боюнча көңүл айтуусун билдирди.

Пакистандагы жолдордун жана унаалардын начардыгынан жыл сайын 5 миң чамалуу киши автокырсыктардын курмандыгы болот.

Булак: "Азаттык"

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->