$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Өрттөн каза болгондордун жакындары Москвага жөнөп кетишти

302 0

Өрттөн каза болгондордун жакындары бүгүн таңкы саат 8:30да Ош аэропортунан Москвага учуп кетишти. Алар сөөктөрдүн өздүгүн аныктоого катышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Окуянын кесепеттери боюнча КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун, Тышкы иштер министрлигинин, КРнын Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жана Орусия Федерациясынын Улуттук Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору биргеликте иш алып барууда.

Эске салсак, 2016-жылдын 30-январында кечке маал Москва шаарынын Стромынка көчөсүнүн №25 үйүндө жайгашкан тигүүчү цехте өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен 8 кыргыз жараны каза болгон.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->