Бишкекте кылмыштуу тобунун мүчөсүн атып кетишти

86 0

Кечээ, 1-февралда Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгилүү криминалдык авторитет атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ИИМдеги булактары маалымдады.

Өлтүрүлгөн адам «мыйзамдагы ууру» К.Көлбаевдин жакыны болгондугу белгилүү болду.

ИИМ аталган фактынын тастыктап, кенен маалымат кийин бериле тургандыгын кошумчалады.

Кол салуу Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кеңсенин алдында болгон. Белгисиз адам бир нече ок чыгарган. Ага октордун 3сү тийген. Ал окуя болгон жерде каза тапкан.

2-февралда саат 00:20да каза болгон адамдын ысымы такталды. Тергөөчүлөр азыркы учурда күбөлөрдү суракка алып жатат. Ошондой эле окуя болгон кеңсе тууралуу маалыматтар такталып жатат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->