$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкери пара менен кармалды

532 0

Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкери Р.Т.га карата КЖКнын 313-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-январда Башкы прокуратурага Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анткени аталган райондук прокуратуранын Р. Т. аттуу кызматкери андан соттун чечимине каршы пикир билдирбөө үчүн 5 миң сом талап кылган.

29-январда Башкы прокуратуранын Тергөө жана Кызматтык иликтөө башкармалыктары Бишкек ШИИББнин 5-башкармалыгы менен биргелешип жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында Октябрь райондук прокуратурасынын имаратында 5 миң сом алып жаткан учурда аталган райондун Р.Т. аттуу кызматкери кармалды.
Учурда ага карата тергөө амалдары жүрүүдө.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->