$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Баткенден Ошко жашылча-жемиш ташыган айдоочуларды мыйзамсыз токтотуп, акча алып жүргөн бажы кызматкери кармалды

473 0

Ош облусттук прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын “Түштүк” бажы бөлүмүнүн О.Б. аттуу кызматкерине карата Баткен облусунан Ош шаарына жашылча, жемиштерди ташыган оор жүк ташуучу автомашиналардын айдоочуларынан акча талап кылгандыгы үчүн КЖКнын 313-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасына облустук ИИББнин 5-башкы башкармалыгына жазылган К.К. аттуу жарандын арызы түшкөн. Арыз ээси аталган бажы кызматкерлери Ноокат районунун аймагында автомашиналарды токтотуп, Баткен облусунун дыйкандары өндүргүн жашылча, жемиштерди Ош шаарына ташыгандыгы үчүн мыйзамсыз акча талап кылышкандыгын билдирген.

Облустук прокуратура менен ИИББнин аталган башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын натыйжасында, 3 миң сом пара алып жаткан учурда “Түштүк” бажысынын О.Б. аттуу инспектору кармалган. Учурда ал Ош шаардык ИИББнин убактылуу кармоо жайына камакка алынды.
Тергөө учурунда пара менен кармалган бажы кызматкери менен чогуу болгон башка бажы кызматкерлерине да юридикалык баа берилмекчи.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->