$ 68.02 - 68.32
€ 78.75 - 79.55

Мелис Турганбаев коло медаль үчүн беттешти жеңип алды


Мелис Турганбаев коло медаль үчүн беттешти жеңип алды

Мелис Турганбаев коло медаль үчүн беттешти жеңип алды

Чечүүчү кармашта экс-министр польшалык Сильвестр Петро Сзыманскийге каршы чыкты.

Ички иштери министрлигинин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга татыды. Бул тууралуу Күрөштүн бириккен дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.

Ишемби күнү 54 жаштагы Турганбаев 76 килогарммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Чейрек финалда Турганбаев килемге түркиялык Зафер Койан менен чыгып, аны 4:2 эсебинде утуп алган. Жарым финалда япониялык атаандашынан 1:2 эсебинде утулуп, бирок коло медаль алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Чечүүчү кармашта экс-министр польшалык Сильвестр Петро Сзыманскийге каршы чыгып, беттешүү 11:0 эсебиндеги жеңиш менен аяктады. Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк турнир 7-октябрь күнү Польшада башталып, 9-октябрга чейин уланат.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Гульназ
Гульназ 09.10.2016


Молодчик!

-->