$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Москвада өрттөн каза тапкандардын сөөктөрү Кыргызстанга бекер алынып келинет

368 0

Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынан билдиришкендей, Орусиянын бардык шаарларынан "Жүк-200дү" “Кыргызстан” жана “Эйр Бишкек” авиакомпаниялары бекер ташыйт. Бул шартты пайдалануу үчүн өрттөн каза тапкандардын жакындары Миграция кызматына арыз менен кайрылышы керек. Эгер арыз жазылгыча каза тапкандардын сөөгү мекенине кайтарылса, миграциялык кызмат маркумдардын жакындарына жол чыгымын кийин жазылган арыздын негизинде кенемте катары төлөп берет.

31-январга караган түнү Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте чыккан өрт 8 кыргыз жаранынын өмүрүн алып кетти. Алардын ичинде жаш бала да бар. Орус телеканалдарындагы маалыматтарга караганда, имараттагы цехти кыргыз жараны, жеке ишкер Алым Тогузков ижарага алып иштетип жүргөн. Ижара келишиминде цехте иш күнү-түнү жүрөрү белгилген.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->