$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

КРде жасалган 3 метрлик калпакты Гиннесс китебине каттоо билдирмеси кабыл алынды


КРде жасалган 3 метрлик калпакты Гиннесс китебине каттоо билдирмеси кабыл алынды

КРде жасалган 3 метрлик калпакты Гиннесс китебине каттоо билдирмеси кабыл алынды

Ак калпакты Рекорддор китебине киргизүү боюнча билдирме ушул жылдын апрель айында жиберилген. Азыр ал билдирме кабыл алынды деген билдирүү келген, эми рекордду тастыктоочу сертификатты алуу керек.

Гиннесстин рекорддор китеби Кыргызстанда жасалган үч метрлик ак калпак тууралуу билдирүүнү кабыл алганын улуттук баш кийимди жасагандардын бирөө Солтобек Эркин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Март айында студенттердин тобу бийиктиги үч метр болгон калпак жасашкан. Аны 5-мартта калпак күнүндө шаар тургундарына көрсөтүшкөн. Андан кийин студенттер аны Гиннесстин рекорддор китебине каттатуу үчүн билдирме жөнөтүшкөн.

Солтобек Эркин Гиннесстин рекорддор тизмесине каттоо башкармалыгынан "Эң чоң калпак" деген аталыш менен кабыл алынды деген билдирме келгенин маалымдады.

Анын айтымында, эми тогуз документ чогултуу керек. Алар эң чоң калпак тууралуу видео, сүрөттөрдү жана ЖМКга чыккан маалыматтарды чогултуп Рекорддор китебинин өкүлдөрүнө салып, чынында эле мындай нерсе жасалганын тастыкташы керек.

"Акыркы күн мынчасы деп так көрсөтүшпөптүр. Бирок канчалык ылдам болсо ошончо жакшы болорун белгилешкен. Эгер документтерди чогултсак, эң чоң калпак жасаганыбызды тастыктай турчу документ алабыз. Жибербесек, биздин билдирүүнү жокко чыгат", — дейт активист.

Ал ошондой эле, буга чейин Гиннесстин рекорддор китебине билдирүү бергендерди издеп, алардан кеп кеңеш аларын баса белгиледи.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->