Баткендик Бегайым Бегалиева жылдын мыкты мугалими болду


Баткендик Бегайым Бегалиева жылдын мыкты мугалими болду

Баткендик Бегайым Бегалиева жылдын мыкты мугалими болду

Бүгүн Бишкекте «Жылдын мыкты мугалими — 2016» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Сыйлыкты Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева тапшырды. Сынактын жыйынтыгында биринчи орунду Баткен облусунун Лейлек районунан келген кыргыз тили жана адабият мугалими Бегайым Бегалиева алды. Ага 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Ал эми экинчи орунду Бишкек шаарындагы №69 мектептин немис тили мугалими Тамара Абдыкеримова алды. Үчүнчү орунга Ош облусунан келген кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлжамал Раева татыды.

Аталган сынак «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты бала бакчасы», «Жылдын мыкты айылдык мектеби» жана «Жылдын инновациялык мектеби» деп төрт этап менен өттү.


Булак: Maralfm.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->