$ 68.37 - 68.60
€ 81.17 - 82.02

Аида Салянова референдум тууралуу сүйлөгөн Канат Исаевдин айласын кетирди

1598 0

Аида Салянова референдум тууралуу сүйлөгөн Канат Исаевдин айласын кетирди

Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова баяндамачы депутат Канат Исаевдин шаштысын кетирди.

Талкуу башталары менен көпчүлүк коалициянын лидери Канат Исаев баяндама жасап, суроо берүү үчүн сөз кезеги Аида Саляновага жетти.

"Урматтуу Канат Кедейканович, башка юристтерге сөз бербей өзүңүз жооп берсеңиз. Баш мыйзамга өзгөртүү кигизүү боюнча референдум өткөрүүнү кайсы берененин негизинде сунуштап жатасыңар? Анткени референдум өткөрүү боюнча мыйзамды кабыл ала элекпиз да", — деди Салянова. Исаев учурдагы Конституциянын 114-беренеси экенин айтса, Салянова ал такыр башка берене экенин айтып, конкреттүү негиз келтирүү талабын койду.

Ал ортодо төрага Чыныбай Турсунбеков Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам жол берерин буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтканын билдирди эле, Салянова бул уят экенин, Конституциядагы берене боюнча негиз келтирүү талабын койду.

Аңгыча Салянованын убактысы бүтүп, суроо жоопсуз калды. Эске сала кетсек, КСДП, "Республика — Ата-Журат", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аталган сунушту президент колдоо алганы менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыгышкан. Ошондон улам өлкөдөгү саясий кырдаал күч алып кеткен.

Булак: sputnik.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->