$ 68.12 - 68.35
€ 79.04 - 80.12

Акыйкатчы: камактагылар 1 жылдан 3 жылга чейин соттун чечимин күтүп жатат

286 0

      Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушуп, сот системасындагы айрым көйгөйлөрдү билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан кабарлады. Жолугушууда Кубат Оторбаев соттордун үстүнөн арыздануу жагдайлары тууралуу маалымдады.

      “Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан СИЗО-1 абагына текшерүү жүргүзүлгөндө, ал жакта убактылуу камактагылардын соттук өкүмү созулуп, жарандардын укугу бузулуп жаткандыгы билинди. Камактагылар 1 жылдан 3 жылга чейин соттун өкүмүн күтүп жатышууда”-деди ал.

      Оторбаевдин айтымындаt , 2015-жылы Акыйкатчы институту Соттор кеңешине республиканын соттору тарабынан этика нормаларын бузуу фактылары катталгандыгы тууралуу 20 акт киргизген. Ошондой эле, ал парламентке Кылмыш-процессуалдык кодекске камактагылардын кылмыш ишин кароо мөөнөтүн киргизүүнү сунуштоо оюу бар экенин айтты. Анткени, учурдагы кодексте мындай норма каралган эмес.

     Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, бардык маалыматтарды ирээттеп, жыйынтыктап берүүсүн өтүнүп, айтылган маселелер жаатында конструктивдүү сүйлөшүүгө, адам укугун коргоодо тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->