Ысык- Көлдө 28 кг ашык баңги зат сактаган жаран кармалды

126 0

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 28 килограммдан ашуун баңгизат менен жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган 43 жаштагы Ы.Ш., аттуу жарандын сарайынан кургатылып майдаланган жашыл түстөгү өсүмдүк табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал жалпы салмагы 28 килограмм 30 граммды түзгөн марихуана экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->