Нарын: митингге чыккандар тарады

230 0

Нарын шаарындагы нааразылык митингине чыккан жарандар, өкмөткө бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн берилген 50% жеңилдиктерди калтырууну, милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын жоюп, электр энергиясынын баасын мындан ары көтөрбөө талабын коюшту. Ошондой эле, Нарын шаарындагы бай адамдар ээлик кылган базарлардагы ижара акысын төмөндөтүүнү, жөлөк пулдарды туура эсептеп, телевизору бар деген сыяктуу ыксыз чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын белгилешти.

Нарын шаарынын тургуну, пенсионер Саманчиева Айтбүбүнүн айтымында, бүгүнкү митингге 1 миңден ашык киши чогулду. Нааразылык акциясына чогулган жарандар менен өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов жолугуп, элдин талабын өкмөткө жеткирээрин билдирди.

Жергиликтүү жашоочулар митингде кечээ, мурда күнү Нарынга келип кеткен Жогорку Кеңештин депутаттары элге ачык жолукпай, имарат ичинде чектелүү адамдарга жыйын өткөрүп кетишкенине да нааразылык айтышты. Митинг уюштуруучулары талаптар боюнча өкмөттөн 10-февралга чейин жооп күтөт.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->