$ 68.37 - 68.59
€ 80.32 - 81.07

Азия чемпионатында кыргыз курама командасы оюнду улантуу укугунан ажырады


Азия чемпионатында кыргыз курама командасы оюнду улантуу укугунан ажырады

Азия чемпионатында кыргыз курама командасы оюнду улантуу укугунан ажырады

Кыргызстан курама командасы вьетнамдык спортчулар менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Кыргызстандын курама командасы 16 жашка чейинки спортчулардын арасындагы Азия чемпионатында Вьетнам спортчуларына жеңилип калды. Эми алар мындан ары оюнду уланта алышпайт.

Индиянын Гоа штатында өтүп жаткан оюнда Кыргызстан курама командасы үч беттеш өткөргөн. Биринчи оюнда биздин спортчулар 1:0 эсебинде Австралия курама командасын жеңип, экинчи оюнда Японияга 0:8 эсебинде утулушкан. Ал эми үчүнчү оюнда 1:3 эсебинде вьетнамдык спортчуларга жеңилип калышты. Ошентип, футбол боюнча 16 жашка чейинки спортчулар арасындагы Кыргызстан курама командасы Азия чемпионатында оюндарын улантуу укугунан ажырап калышты.

Кыргызстан үчүн Азия U-16 оюну тарыхтагы биринчи оюн болчу. Чучукулак кармоонун жыйынтыгы менен кыргызстандык оюнчулар "В" тайпасына туш келишкен. Бул тайпада Япония, Австралия жана Вьетнам командалары бар.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->