2016-жылдын 22-сентябрында добуш берилген мыйзам долбоорлору

422 0

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды.

2016-жылдын 22-сентябрында добуш берилген мыйзам долбоорлору


КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.06.16дагы № 341 токтом);

- “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Каримов Н.Т.);

- “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 03.12.15теги № 827 токтом);

- “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 11.04.16дагы № 203 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(Салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Макеев Н.К., Артыков А., Алимбеков Н.К., Шадиев А.А., Жапаров А.Ү., Бекешев Д.Д.);

- “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(демилгечилер – депутаттар Иманалиев К.К., Текебаев Ө.Ч., Салянова А.Ж., Нышанов С.К.);

- “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Салянова А.Ж., Текебаев Ө.Ч., Никитенко Н.В., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д.Д., Өмүрбекова А.С., Масалиев И.А.);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 29.03.16дагы № 161 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 31.05.16дагы № 283 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Скрипкина Г.А., Султанбекова Ч.А., Шыкмаматов А.Н., Джакупова Ч.И., Масалиев И.А., Зулушев К.Т., Исакунова Т.Б.);

- “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Текебаев Ө.Ч., Шайназаров Т.У., Шыкмаматов А.Н.);

- “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”,“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 25.02.16дагы № 83 токтом).

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 15.06.16дагы № 323 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору(“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Аудитордук иш жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Жээнбеков А.Ш., Текебаев Ө.Ч., Турсунбеков Ч.А., Иманалиев К.К., Сулейманов Б.И., Артыкбаев О.М., Акматов А.Ж., Токтошев Э.Т., Жумалиев К.М., Арапбаев А.А., Матраимов И.И., Жамангулов А.Ж., Исакунова Т.Б., Айдаров С.А.).


Булак: kabarlar.org

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->