$ 68.44 - 68.70
€ 80.10 - 81.12

Рим олимпиададан баш тартты

499 0

Рим шаары 2024-жылы өтө турган жайкы олимпиаданы кабыл алуу үчүн сынакка катышуудан баш тартты. Шаардын мэри Виржиния Раджи расмий билдирүү жасап, римдиктер 1960-жылкы олимпиада боюнча карыздарынан али күнчө кутула албай жүргөнүн айтты.

Рим олимпиададан баш тартты

​- Биз спортко да, олимп оюндарына да каршы эмеспиз. Бирок талапкерлигибизди көрсөтүп, "ооба" деп айтуу - бул жоопкерчиликсиздик, - деди ал атайын пресс-конференцияда.


Раджи мэр болуп быйыл июнь айында шайланган.

Баш тартуу тууралуу чечимин Римдин жетекчилиги Улуттук олимпиада комитети менен талкуулашы керек болчу. Бирок андай жолугушуу өткөрүлгөн жок.

Римден тышкары 2024-жылкы жайкы олимпиадага талапкер деп Франциянын борбору Париж, Венгриянын баш калаасы Будапешт жана АКШнын Лос-Анжелеси аталган.

Алардын кимиси тандалат, келерки жылдын сентябрь айында белгилүү болот.

Жайкы олимпиада ар төрт жыл сайын өтүп турат. Быйыл оюндар Бразилияда болду. Ал эми кийинкиси Токиодо 2020-жылы өтөт.


Булак: "Азаттык"

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->