$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

1916-жылдагы окуялар тууралуу жыйнагы жарык көрдү


1916-жылдагы окуялар тууралуу жыйнагы жарык көрдү

1916-жылдагы окуялар тууралуу жыйнагы жарык көрдү
“Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылына 100 жыл” сериясына тийиштүү “1916-жылдагы көтөрүлүш” деген документтердин жана материалдардын орусча жыйнагы жарык көрдү. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академияснын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

“Жарыяланган архивдик материалдарды илимий-сын көз караш менен изилдөө жана оъективдүү анализдөө кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылын толугу менен көз алдыга келтиргенге мүмкүнчүлүк берет” – дейт Архив агенттигинин директору О.Ахмедов китептин баш сөзүндө.

Китепте айтылгандай Орто Азия жана Казакстанда болгон 1916-жылдагы көтөрүлүш улуттук-боштондук мүнөздө өткөн.

Бул жыйнакта камтылган архивдик документтер Кыргызстандын аймагындагы окуяларды чагылдырып, элдик кыймылды объективдүү баалоого жана туура түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Көтөрүлүштүн себептери кандай эле, кантип өткөн, ким тарабынан жетектелген, эмне себептен жеңилген, Орус империясы тарабынан кандай мыкаачылык менен басылган жана кыргыз элинин тагдырына канчалык деңгээлде таасир берген – мына ушунун баары чыныгы документтер менен бейтарап чагылдырылып жана түшүндүрүлөт.

Китеп КР УИА, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги, КР мамлекеттик борбордук архиви тарабынан даярдалган.

Китептин баш редактору А.Акматалиев, редакторлору Т.Асанов, О, Ахмедов, А.Беделбаев, А.Джуманалиев, А.Какеев, Дж. Маджун, С.Раев, Т.Чоротегин, Т.Шейшеканов, Ю.Шыгаев, А.Эркебаев. Түзүүчүлөр: О.Ахмедов, Г.Гуля, А.Назаралиев, Е.Романова, Б.Самаева. Китеп “Улуу Тоолор” басмасында 1000 тираж менен басылган.

Булак: Maralfm.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->