Мелис Турганбаев, экс-министр: “Польшадан күрөшүп, кыргыздын намысын коргойм”

1 171 0

Мелис Турганбаев, экс-министр: “Польшадан күрөшүп, кыргыздын намысын коргойм”

Мелис Турганбаев, экс-министр: “Польшадан күрөшүп, кыргыздын намысын коргойм”

Милициянын генералы Польша өлкөсүндө өтө турган ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка аттанганы турат. Даярдыктары тууралуу кеп козгоп, тил учунан маек кылдык.

- Мелис, октябрь айынын баш ченинде Польша өлкөсүндө өтө турган эркин күрөш боюнча дүйнөлүк мелдешке аттанганы турасың, даярдыктар кандай

- Өзгөчө деле даярдыктарды көргөн жокпуз. Биз бала кезден ушу кезге чейин, мындайча айтканда, өмүр бою спорттон алыстабай, улуттук курамдын балбандары менен күн алыс машыгып жүрдүк да. Физикалык жактан кичине солгундай түшкөн мезгилде эле спорт залга барып, ар кыл дене жибитүү көнүгүүлөрүн жасап, күрөшүп, буга чейин колдонуп жүргөн ыкмаларды кынаптап, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп отурдук.

- Балбандар ашыкча салмагын кууп түйшөлүшөт эмеспи?..

- Бул жагынан проблема жок. 76 килограмм салмак ченинде, илгертен бери бир калыпта келатам.

- Быйылкы олимпиада сага катуу тасир берген окшойт...

- Аныңыз чын, байке. Мурунку олимпиадага деле барып жүрчүмүн, бирок быйылкы олимпиада оюндарында биздин балбандардын даярдыктарын өз көзүм менен көрүп, ал жерден спарринг-партнер катары да күчүмдү сынаган учурлар болду. А жерден да бир топ такшалып койдум. Жаш, жүрөк курч мезгилдер кайрылып келди.

- Польша жеринде өтө турган мелдешке чыга турган атаандаштар сага тааныш бекен?

- Эми ал жерде бери дегенде менин салмак ченимде, жаш курагы боюнча да дал келген 20-30 балбандын ичинен бирөөсүн да тааныбайт экенмин. Бирок, алдын келишинче, болгон күч-аракеттерди жумшап, кыргыздын намысын колдон чыгарбаш үчүн далбас урам. Килем баарын көрсөтөт.

Сурат Жылкычиев, “Азия Ньюс”
Булак: Inter.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->