$ 68.53 - 68.86

Нарында боло турчу митингге Аалы Карашев барат

128 1

Теңир-Тоолуктар 27-январда мөөнөтсүз митингге чыгат. Бул тууралуу укук коргоочу Качкын Булатов билдирди. Нарын элинин мындай кадамга баруусуна өкмөттүн тоолуу аймакта күн кечиргендерге каралган жеңилдиктерди алып салууну көздөп жатканы, электр энергиясына болгон баанын кымбаттыгы жана айлык акынын убагында берилбей жатышы негиз болгон.

Тоолуктар менен жолугушуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев бараарын өкмөттөн кабарлашты. Белгилүү болгондой митингге атка минерлер, эл өкүлдөрү дагы чакырылган.

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера torogeldi
torogeldi 26.01.2016


Азим Карашевдин кара колокосу, анын уулу Аалы. Ал атасы экоо кече Бакиевдерди сатып келди. Анан Бабановду каратып туруп Ысык-Колдо суу куйду. Бабанов ичинен кан откон бойдон тиштенип журот. Эми жакында Атамбаевди сатат. Ал атасынын кара колокосу. Эч качан элге жакшылык кылган эмес. Нарынга барса элди да, Атамбаевди да алдайт. Ага ишенбегиле нарындыктар. Алар оштуктарга, оз айылына жакшылык кылган эмес...

-->