$ 68.37 - 68.60
€ 81.17 - 82.02

4 кикбоксчубуз Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалдарды тагынышты (фото)


4 кикбоксчубуз Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалдарды тагынышты

4 кикбоксчубуз Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалдарды тагынышты (фото)
Түштүк Кореяда өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу КРнын Кикбокс федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш кикбокстун К-1 түрүнөн өткөрүлгөн. Алтын медалдарды Алексей Федосеев (63,5 килограмм салмакта), Эрик Воинов (67 кг), Руслан Мусаев (81 кг) жана Шахриза Халилова (56 кг) багынтышты.

Ал эми күмүш медалдарды Адилет Бекжан уулу (71 кг) менен Олжобай Кудайберди уулу (86 кг) тагынышты. Коло медалдар Келечек Оросбек уулу (75 кг), Таласбек Нуралиев (91 кг) жана Бактыгүл Абдисаламовага (52 кг) тагылды.

4 кикбоксчубуз Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалдарды тагынышты (фото)

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->