$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Айт намазга Сооронбай Жээнбеков да катышат


Айт намазга Сооронбай Жээнбеков да катышат

Айт намазга Сооронбай Жээнбеков да катышат

12-сентябрда Эски аянтта эртең мененки саат 8.00дө майрамдык айт намазы окулат.

Эртең өтө турган айт намазга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да катыша турганын өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Анын айтымына караганда өкмөт башчы президенттин куттуктоосун окуйт.

"Премьер-министр жалпы кыргыз элин президенттин жана өзүнүн атынан куттуктап, айт намазга катышат", — деди ал.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда Эски аянтта эртең менен саат 06.30 дан 07.30га чейин аалымдар шарият боюнча насыйкаттарды айтышат. Ал эми айт намаз саат 08.00дө башталат.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG






Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->