$ 68.83 - 69.02
€ 76.50 - 77.27

Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстан курамасын 15:3 менен жеңди


Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстан курамасын 15:3 менен жеңди

Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстан курамасын 15:3 менен жеңди

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча финалдык оюн жыйынтыкталды. Анда Кыргызстан менен Казакстан курама командалары беттешип, 15:3 эсеби менен Кыргызстан курамасы казак көк бөрүчүлөрүн утуп алды. Биринчи упайды Манас Ниязов, экинчини Рустам Тыналиев, ал эми үчүнчүнү Улан Насакеев алып келди.

Белгилей кетсек, оюн учурунда казакстандык бир көк бөрүчү аттан кулап, аны замбил менен оюн талаасынан алып кетишти. Анын алган жаракаты оор болгондуктан, ордуна башка оюнчу киргизилген. Ал эми казак оюнчусун сүзүп кеткен кыргызстандык көк бөрүчү жаза алып, оюндан четтетилген.

Оюнга ипподромдо 15 миңдей көрүүчү күбө болду. Көк бөрүнү казакстандык телеканалдар да түз алып көрсөттү. Оюн курч атаандаштык мүнөздө болуп өттү.

Кыргызстандын курама командасы «Нооруз» жана 9-майда өткөн беттештердин жыйынтыгы менен куралган.

Эске сала кетсек, көк бөрү боюнча үчүнчү орунга Кытайдын командасы ээ болгон.

Бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктоочу күнү.

Булак: Maralfm.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->