Нарында автобус менен джип, Көлдө жеңил унаа кагышып, кишилер каза болду

1 080 0

Нарында автобус менен джип, Көлдө жеңил унаа кагышып, кишилер каза болду

Нарында автобус менен джип, Көлдө жеңил унаа кагышып, кишилер каза болду

Жол кырсыктары бүгүн түнү болгон.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 515-чакырымында Toyota Highlander автоунаасы менен автобус кагышып, жол тандабастын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-августта саат 00:50лөр чамасында болгон. Toyota Highlander автоунаасынын 30 жаштагы айдоочусу менен 53 жаштагы аял жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон. Автобустагы 10 жаштагы жүргүнчү жеңил жаракат алып, Нарын шаардык ооруканасына Тез жардам менен аркылуу жеткирилген.

Ошондой эле Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда да саат 01:30дар чамасында Ак-Терек менен Жыргалаң айылдарынын ортосунда Audi A6 автоунаасы менен Audi 100 машинасы сүзүшкөн.

Анын кесепетинен Audi A6 автоунаасынын 62 жаштагы айдоочусу каза болгон, туугандары денесин алып кетишкен. Анын жанындагы жүргүнчүсүн тез жардам кызматы Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирген.

Ал эми Audi 100 машинасынын 22 жаштагы айдоочусунун буту кыпчылып калып, сынган. Аны куткаруучулар чыгарышкан. Айдоочунун жанындагы аялы менен

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG


Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->