$ 66.74 - 67.10
€ 71.97 - 72.96

Кырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди

1 788 0

Кырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди

Кырчындагы ат чабышта Ысык-Көлдүн "Ак кула" күлүгү марага биринчи болуп келди

Ал эми экинчиликти Чүйдүн күлүгү алса, үчүнчү орунду Таластан келген чабандес багындырды.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан ат чабыш жыйынтыкталып, марага тогузунчу номерлүү Чолпон-Атадагы "Асанбек ата" ат заводунун "Ак кула" аттуу күлүгү биринчи болуп келди.

"Ак куланы" алкынтып чабандес Жеңиш Батыркулов чапты. Ал эми экинчи орунду алтынчы номерлүү Кара-Балта шаарынан келген Алмазбек Ногойбаевдин "Нооруз" күлүгү багындырды. Анын чабандеси — Чыңгыз Иманалиев.

Үчүнчү орунду Талас обулсундагы 113-ат заводунун "Көк серек" аттуу жылкысы ээледи. Анын чабандеси — Рыспек Карыпов.

Ушул тапта калган күлүктөр марага жете элек. Мелдештин жыйынтыгы менен 1-орунга 400 миң сом, 2-орунга 150 миң сом, 3-орунга 100 миң сом, 4-орунга 80 миң сом, 5-орунга 60 миң сом, 6-орунга 40 миң сом, 7-орунга 20 миң сом сыйлык берилет.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG



Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->