$ 68.80 - 69.12

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абактын корпусунун курулушу аяктады

85 0

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абактын корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу КР ЖАМК басма сөз кызматынан жума күнү билдирди.

«Өмүр бою эркинен ажыратылгандарга арналган №19 абактын биринчи корпусунун курулушу аяктады, ага өзгөчө тартиптеги макамы берилет. Февралдан тарта ал жерге башка абактарда отурган, өмүр бою эркинен ажыратылгандар которула баштайт», - деп билдирди мекемеден.

ЖАМК маалыматы боюнча, 22-январда жаңы корпустар курулуп жана баардык тиешелүү жабдуулар менен жабдылган күчөтүлгөн тартиптеги №27 түзөтүү абагына соттун өкүмү боюнча жазасын өтөп жаткан жарандардын биринчи тобу жеткирилген. Бир ай аралыгында №27 түзөтүү абагына учурда №19 түзөтүү абагында отурган 350 соттолгон адам которулат.

Орусиялык кесиптештердин колдоосу менен №27 түзөтүү абагында кир жуучу жана мончо ошондой эле коммуналдык-тиричилик жабдууларын чогултуу боюнча ишкана уюштурулуп, ал жакта 25ке жакын адам эмгектене алат.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->