$ 69.61 - 69.76
€ 79.16 - 79.72

Жөө күлүк Тяпкин марага 86-болуп келди, Рио-2016да Кыргызстан куру кол калды


Жөө күлүк Тяпкин марага 86-болуп келди, Рио-2016да Кыргызстан куру кол калды

Жөө күлүк Тяпкин марага 86-болуп келди, Рио-2016да Кыргызстан куру кол калды

Алтын медаль алган спортчудан кыргызстандык Илья Тяпкин 14 мүнөт 25 секунд артта келген.

Бүгүн Рио-де-Жанейродогу Олимпиадалык оюндарындагы марафонго Кыргызстандын атынан катышкан жөө күлүк Илья Тяпкин алыстыкка чуркоодо 86-болуп келди. Бул туурасында XXXI Олимпиада оюндарынын сайтында маалымдалды.

42 чакырым 195 метр аралыкка 155 спортчу чуркаса, алардын 15и марага жетпей жолдон кала берди.

Биринчи орунду 2 саат 8 мүнөт 44 секунда ичинде чуркап келип, кениялык Элиуд Кипчоге аттуу жөө күлүк алды. Ал эми алтын медаль алган спортчудан кыргызстандык Илья Тяпкин 14 мүнөт 25 секунд артта келген. Анын ылдамдыгы 2 саат 23 мүнөт 19 секунданы түзгөн.

Алтын медалды кениялык алып, андан сырткары Фейиса Лелиса (Нигерия) жана америкалык Гален Рапп байгеге илинди. Алар чемпиондон 1 мүнөт 10 секундага жана 1 мүнөт 21 секундага кечирээк келишти.

Бүгүн Олимпиада оюндарынын соңку күнүндө кыргызстандыктар эки спортчусу – балбан Магомед Мусаев менен жөө күлүк Илья Тяпкинден үмүт артып турганы менен алар медаль алып бере алышкан жок.

XXXI олимпиадалык оюндарда ошентип Кыргызстан медалга ээ болгон жок. Оор атлет Иззат Артыковдун алып келген коло медалын спортчу кызымта колдонду деген кине менен Спорттук арбитраждык сот башка балбанга алып берип койду.

Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу аттанган.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->