$ 68.41 - 68.65

Афган аскерлери бир сутка ичинде 90 согушкерди жок кылды


Афган аскерлери бир сутка ичинде 90 согушкерди жок кылды

Афган аскерлери бир сутка ичинде 90 согушкерди жок кылды

Маалыматтарда өлтүрүлгөн согушкерлердин арасында чет элдик тогуз кишинин бар экендиги айтылууда.

Афган аскерлери бир катар провинцияларда жасалган согуштук операция учурунда бир сутка ичинде кеминде 92 согушкерди жок кылды. Бул туурасында Афганистандын Коргоо министрлигинин сайтында кабарланган.

Согушкерлер арасында радикалдык "Талибан" тобунун мүчөлөрү болгон. Аларга карата аскердик операция Пакистан менен чектешкен Пактика провинциясынын жанында болуп, 40ка чукулу өлгөн. Мындан сырткары министрлик бул провинцияда дагы 30 радикал жок кылынгандыгын билдирип, бирок алардын кайсы топко тиешелүү экендигин ачыктаган эмес. Маалыматта, өлтүрүлгөндөрдүн арасында чет элдик тогуз кишинин бар экендиги айтылууда.

Акыркы убакта Афганистанда кырдаал бир топ начарлап кетти. Буга чейин өлкөнүн элет жеринин көп бөлүгүн ээлеп алган "Талибан" кыймылы учурда ири шаарларга басым жасап жатат. Мындан тышкары, мамлекетке "Ислам мамлекети" террористтик тобунун таасири да жайылууда.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->