$ 68.35 - 68.64
€ 83.57 - 84.59

Ийгиликтери менен таанылган Ник Вуйчич Кыргызстанга келет

749 0

 Ийгиликтери менен таанылган Ник Вуйчич Кыргызстанга келет

Бүткүл дүйнөгө эки колу, буту жок туруп ийгиликтери менен таанылган Ник Вуйчич Кыргызстанга 2017-жылы келет. Бул тууралуу «Жетим балдарды коргоо» фондунан кабарлашты.

Учурда Кыргызстандагы кароосуз калган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көп жапа чеккендер болуп саналат. Буга байланыштуу Никтин келиши аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын айтышууда. Себеби Ник мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шык берүү менен аларды жаңы жашоого түрткөн.

Аталган фонд кабарлагандай белгилүү оратордун лекциялары Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүү пландалууда.

Кошумчалай кетсек, Николас Джеймс Вуйчич Австралиялык шыктандыруучу чечен, жазуучу катары дүйнөгө таанылган. Анын тубаса эки колу жана эки буту жок жарык дүйнөгө келген.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->