$ 67.49 - 67.84
€ 72.98 - 74.02

"Милиционер" таксисттин унаасын көз көрүнөө айдай качкандар кармалды

1 047 0

"Милиционер" таксисттин унаасын көз көрүнөө айдай качкандар кармалды

"Милиционер" таксисттин унаасын көз көрүнөө айдай качкандар кармалды

Айдоочу күч түзүмдөрүндө иштеп келген. Жүргүнчү алдап ачкычын алып айдап кеткен.

Борбор калаада таксисттин Mercedes Benz унаасы уурдалгандыгын Бишкек ШИИБден билдирди.

Уурдоо боюнча билдирүү түнкү саат экилер чамасында түшкөн. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган унаа Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган.

Анткен менен унаанын 28 жаштагы айдоочусу милиция кызматкери болуп иштээрин айтып, күбөлүк көрсөткөн. Бирок териштирүү учурунда ал жалган документ көрсөткөндүгү, күбөлүк унаа ээсине таандык экени аныкталган.

Ал эми таксист буга чейин милиция кызматкери болуп иштеп, 1998-жылы жумуштан бошоп кеткендигин айткан.

"Таксист чалуу болгон мейманканага келгенде кардар "Манас" аэропортуна жеткирип коюну суранган. Бирок мейманканада бир аз күтүп турууну өтүнгөн. Аңгыча кардар таксисттен алдоо жолу менен унаа ачкычын алып, качып кетүүгө үлгүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми милиция кызматкери эмне себептен ушуга чейин кызматтык күбөлүгүн тапшырбаганы такталууда.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->