Кочкор менен Алайда 3 жана 10 жашар эки бала сууга агып кетти

327 0

Кочкор менен Алайда 3 жана 10 жашар эки бала сууга агып кетти

Кочкор менен Алайда 3 жана 10 жашар эки бала сууга агып кетти

Куткаруучулар эки баланын тең жансыз денелерин бир сааттын ичинде суудан чыгарып беришкен.

Кечээ, 2-августта Кочкор менен Алай райондорунда эки бала сууга агып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Кочкордун Кара-Тоо айылында Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушунан барган үч жаштагы бала сууга түшүп кеткен. Куткаруучуларга билдирүү саат 16.10до түшкөн. Бир сааттан кийин баланын жансыз денеси ата-энесине өткөрүп берилди.

Ал эми Алайдын Будалык айыл аймагындагы Кум-Шоро айылында 10 жаштагы бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 18.57де түшүп, куткаруучулар бир сааттан кийин анын жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришкен.

Булак: Sputnik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->