$ 69.79 - 69.91
€ 79.62 - 80.47

Августтун аягына чейин унаа жана кыймылсыз мүлккө салык төлөбөгөндөр жазага тартылат

679 0

Августтун аягына чейин унаа жана кыймылсыз мүлккө салык төлөбөгөндөр жазага тартылат

Августтун аягына чейин унаа жана кыймылсыз мүлккө салык төлөбөгөндөр жазага тартылат

Салыктан баш тарткандарга 2000 сом өлчөмүндө айып салынмакчы. Ал эми салык төлөгөндөн кийин акчанын төлөнгөнүн ырастаган чаптама алуу керек.

Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында транспорт салыгын, ал эми 2-сентябрда кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөөнүн мөөнөтүн аяктай турганын эскертет.

Мында транспорт каражаттарына, турак үй, батир жана жер салыгын (короо-жай жанындагы бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

"Салыкты өз убагында төлөбөгөндөр 2000 сом өлчөмүндө административдик айыпка жыгылат. Андан кийин салык органдары тарабынан рейд жүргүзүлөт. Кайгуул милициянын кызматкерлери менен биргеликте транспорт, кыймылсыз мүлк боюнча үйлөрдү жана батирлердин ар бирин кыдыруу иштери уюштурулмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.


Ошону менен бирге транспорт салыгын төлөгөндөн кийин жарандар салыктын төлөнгөнүн ырастап, унаанын алдыңкы айнегине чаптала турган атайын чаптамаларды алуусу керек. Атайын чаптамалар бекер берилет.

Булак: sputhik.kg
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->