$ 68.79 - 69.09

Саратов шаарында Кыргызстандын микроавтобусу кырсыкка учурады

302 0

Саратов шаарында Кыргызстандын микроавтобусу кырсыкка учурады
Кечээ, 13-июлда Саратов облусунун Ершовск районунда минивен автоунаасы аласалып кетип, ал кырсыктан эки адам каза тапкан. Ичиндеги жети кишиден төртөө ооруканага жаткырылды. Жергиликтүү сайт saratovdaily.ru жазган боюнча автоунаадагы жүргүнчүлөрдүн бардыгы кыргыз жарандары болгон.

Ал эми sputnik.kg жазган боюнча полиция минивэн жолдун жээгине чыгып, ала салып кеткенин айткан.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу жана анын жанындагы жүргүнчү каза тапкан. Дагы үч киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилген», — деп билдирди ИИМдин аймактык башкармалыгынын жетекчиси Дмитрий Рассказов.

Орусия ӨКМдин аймактык башчысынын билдиргенине караганда, кырсык Сокорная Балка деп аталган эл жашаган жайга жакын Энгельс — Озинки автожолунун 150-чакырымында болгон.

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->