$ 68.15 - 68.31
€ 79.55 - 80.12

Жанар Акаев: "КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок"

347 0

Жанар Акаев: "КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок"


Жергиликтүү маалыматтык сайттардын бири КТРК жетекчиси Илим карыпбековду кызматтан кетти деген маалымат тараткандан кийин "Фейсбук" социалдык баракчасында каттуу талкуу башталган. Арасында көптөгөн жарандар бул кызматка ЖК депутат Жанар Акаевди татыктуу деген ойлору менен бөлүшкөн. Мындан улам депутат мырза бул пикирлерге өздүк баракчасы аркылуу Илим Карыпбековго жооп иретинде өз пикирин жана кайрылуусун калтырды.

"Урматтуу Илим Карыпбеков ага, мен КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок экенин так кесе айтып койгум келет. Мен парламенттик ишмердигимди улантып, кудай буюрса, келерки шайлоого да мыкты команда менен ат салышуу ниетим бар экенин жашырбайм. Мен сиздин менеджерлик сапатынызды жогору баалайм жана ишинизге ийгилик гана каалайм. Ушак-айын кептерге кулак салбайсыз деп ишенем. Урматым менен Жанар ининиз".



Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->