$ 68.66 - 68.99
€ 80.40 - 81.50

Сооронбай Жээнбеков Ошко катардагы авиарейс менен учуп барганы кызуу талкууланууда

342 1

Сооронбай Жээнбеков Ошко катардагы авиарейс менен учуп барганы кызуу талкууланууда


Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Бишкектен Ошко катардагы авиарейс менен учуп барды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева кабарлады.

Анын айтымында, Жээнбеков каза болгон агасы Кантөрө Токтомаматовдун жылдыгына катышуу үчүн Кара-Кулжа районуна барды.

"Президент маркум агасы Кантөрө Токтомаматовдун жылдыгына катышуу үчүн Кара-Кулжа районуна барды. Бирок Бишкектен Ошко эл менен бирге каттамдагы учак менен учуп барды", - деди Стамалиева.

Өлкө башчынын эл менен бирге учакка отурганы социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүгү өлкө башчынын бул аракетин кубаттап, жакшы маанайда кабыл алышууда.

Белгилей кетсек, Кантөрө Токтомаматов 2017-жылдын 28-апрелинде жүрөк оорудан улам 69 жашында каза болгон.


Булак: super.kg

Комментарии пользователей (1)

Ваш аватар
  



Фото юзера Бекмамат
Бекмамат 16.04.2018


Молодец! Ушунусунан жазбаса, балким Хосе Мухикодой (Уругвай президенти) аты чыгар. Чынында, мен кутпогон коп нерселер болуп келе жатат.

-->