$ 68.35 - 68.64
€ 84.20 - 85.32

Жалал-Абаддагы борбордук базар күйүп кетти

99 0

Жалал-Абаддагы борбордук базар күйүп кетти


Жалал-Абад шаарында борбордук базар өрттөнүп, 1344 чарчы метр соода аймагы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгынын маалыматына караганда, тилсиз жоо 13-апрелге караган түнү саат экиге жакын башталган.

Аталган базарда негизинен азык-түлүк сатылчу. Өрткө каршы кызмат, Экотехинспекция эки күн мурда базарда рейд өткөрүп, өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай турганын аныктаган. Базар жетекчилигине эскертүү берилген.

Булак: Азаттык

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->