$ 68.15 - 68.31
€ 79.55 - 80.12

АК ИЙИЛЕТ, БИРОК СЫНБАЙТ...(Видео)

438 0


Кыргызстанда карапайым элди укуктук сабатка үндөп жана алардын укуктарын коргоп күрөшкөн "АДИЛЕТ" телепрограммасына быйыл туптуура 20 жыл толду. Эфирге чыгып баштаганына 20 жыл болсо да бул программаны алиге чейин ар бир кыргыз атуулу эсинен чыгарбай жүргөндүгү чындык. Анткени, карапайым элдин жашоосундагы укуктук көйгөйлөрдү чагылдырган бул автордук телекөрсөтүүнүн ээси Нышанбек Кочкоровду артта калган 20 жылда бир да журналист кайталай алган жок. Ал кыргыз элинин эсинде карапайым элдин укугун коргогон укукчу журналист жана элдик баатыр катары калды. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Н. Кочкоров " Адилет" телепрограммасын 1997-жылдан 2010-жылга чейин коомдук биринчи канал аркылуу калк назарына коюп келди. 2009-жылы аталган теле долбоор "КОМИССАР ЭСКЕРТЕТ" деген аталышта ошол мезгилдеги КРнын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агентиктин комиссары Садыр Жапаров менен биргеликте эфирге чыгарылып, өлкө ичиндеги коррупциялык көйгөйлөрдүн бетин сыйрый баштады. Аталган программа 11 жолу эфирге чыкканда ошол мезгилдин президенти К.Бакиев жана КТРдин ошондогу жетекчиси М. Эшимканов тарабынан күчкө салынып жабылган. Ошентип, өз учурунда эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп турган "Адилет", "Шок-факт" укуктук программалары бийлик тарабынан жабылган. Эл сагынып күткөн бул көрсөтүүлөрдү жаап салууга ошол мезгилдеги Жаныш Бакиев, Мелис Эшимканов, Оксана Малеваная, Катя Урумканова, Асел Мамбетова сыяктуу Бакиевдердин чөйрөсү Н. Кочкоровду баш кылып КТРден мажбурлап кетирүүгө аргасыз кылышкан. Элдин назарында 13-14 жыл үзгүлтүксүз жашап келген "Адилет”, “Шок-факт" программалары элдин эсинде күнү бүгүнкүдөй сакталуу. 20 жыл өтсө да кыргыз эли сүйүп көргөн бул программалардын авторлору бүгүн эл сыйлаган, урматтаган инсандарга айланышты. Көрсө, кыргыз эли "ак ийилет, бирок сынбайт" деп бекер айтпаптыр...

Ал эми белгилүү журналист Нышанбек Кочкоров КТРКнын тарыхында биринчи болуп мажбур иштебеген 5 жылдык эмгек акысын толук өндүрүп, кайра өз ордуна келип олтурган кесипкөй укукчу-журналист. Ал коррупциялык топтун жана мыйзамдын алдында өз кадыр-баркын жана беделин коргоп, 5 жыл күрөшүп жүрүп баарын өз ордуна койду. Ал жашоодо сөзү менен иши бир экендигин ырастай алды. 2007-жылдын башында Н. Кочкоров ошол кездеги командасы менен " Адилеттин " 10 жылдыгын кандайча майрамдаганын сиздердин назарыныздарга сунуш кылабыз. Бул көрүнүштү кыргызда " Чындык ийилет, бирок сынбайт" деп коёт.
20 ЖЫЛДЫК МААРАКЕҢЕР КУТ БОЛСУН, "АДИЛЕТТИН" АРДАКТУУ БААТЫРЛАРЫ !




Нурлан ЭГЕМБЕРДИ уулу
KYRGYZTIMES.KG

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->