$ 68.35 - 68.64
€ 84.20 - 85.32

Башкы прокурорлук кызматынан бошотулган Индира Жолдубаева бүгүн 39 жашка толду

332 0

Башкы прокурорлук кызматынан бошотулган Индира Жолдубаева бүгүн 39 жашка толду


Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан бошотулган Индира Жолдубаева бүгүн 39 жашка толду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине президент Сооронбай Жээнбековдон башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама түшкөн.

Бүгүн 11-апрелде парламенттин жыйынында башкы прокурорду кызматынан бошотууга 105 депутат «макул» деп добуш берсе, 2 депутат «каршы» добуш берип, президенттин сунушу колдоо тапты.

Индира Жолдубаеванын өмүр баяны

Ал 1979-жылы 11-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктап, юрист адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 05.2002— 03.2003 — «Сорос Кыргызстан» фондусунун «Коомдун аз камсыз болгон катмарына юридикалык жардам» долбоорунда юрист-консультант;

- 03.2003 — 05.2005 — «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКта юрист-консультант;

- 08.2005 — 11.2006 — «Компаньон» каржы тобу» чакан насыя компаниясында юрист;

- 11.2006 — 03.2008 — «ДЭКА» ЖАКта аткаруучу директор, юрист;

- 03.2008 — 02.2009 — КР президент аппаратынын администрациясынын укук бөлүмүндө сот органдары секторунун эксперти;

- 02.2009 — 11.2009 — КР президент аппаратынын администрациясынын саясат укугу бөлүмүндө укук анализи жана экспертиза секторунун бөлүм башчысы;

- 11.2009 — 08.2010 — Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басары;

- 12.2010 — 12.2011 — КР президент аппаратында укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

- 12.2011 — 01.2015 — КР президент аппаратында сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;

29.01.2015-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокурору болуп келген.


Булак: turmush.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->