$ 68.80 - 69.12

Оң рулдуу унааларды такси катары пайдалангандарга айып салынат

161 0

Депутаттар оң рулдуу унааларды такси катары пайдалангандарга айып салуу боюнча мыйзамды биринчи окууда жактырышты. Мындай чечим бүгүн, 13-январда парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагында оң рулдуу унааларга акча табуу максатында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тыюуу салынган. Бирок, буга чейин административтик кодексте аталган нормаларга айып төлөө боюнча беренелери болгон эмес. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна Ички иштер министирлиги (ИИМ) тарабынан киргизилген. Айрым бир катар депутаттар бул мыйзам долбоорун жылдырып туруу керектигин билдиришти. Бирок, талаш-тартыштарга карабастан мыйзам долбоору колдоо тапты. Биринчи окууда 102 депутат макул деп добуш берсе, бирөө каршы чыккан.

Булак: "Кабар" агенттиги

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->