$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

362 0

Тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды


Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, ИИМдин ички иликтөө бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал Октябрь РИИБинин тергөөчүсүнө чара көрүп берүүнү суранган. Ал арызында Ислам деген тергөөчү 20 миң сом талап кылып жатканын айткан. Тергөөчү шектүүлөрдүн катарынан чыгаруу үчүн бул акчаны талап кылган.

Башкы прокуратура "Пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттигине өткөрүп беришти.

Тергөөчү өзүнүн иш бөлмөсүндө 8 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Булак: bulak.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->