$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Өгөй апам сабады... Ооруканага түшкөн 8 жашар кыз боюнча кылмыш иши козголду

386 0

Денеси көгала болуп, мээси чайкалган кыз Бишкектеги балдардын №3 клиникасына 10-мартта түшкөн

Өгөй апам сабады... Ооруканага түшкөн 8 жашар кыз боюнча кылмыш иши козголду


Сабалып Бишкектеги балдардын №3 ооруканасына түшкөн 8 жашар кыз боюнча Аламүдүн РИИБи кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ишти буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы карап жаткан.

"12-мартта Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери кичинекей кыздын сабалышы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (денеге атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгоду. Кыздын айтымында, ага өгөй энеси такай кол көтөрүп турган", — деп милициядан айтышты.


Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Денеси көгала болуп, мээси чайкалган кыз Бишкектеги балдардын №3 клиникасына 10-мартта түшкөн. Бул факты боюнча дарыгерлер милицияга кабарлаган.

Булак: sputnik.kg[b][/b]

Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20180313/1038134616/sabalgan-kyz-kylmysh-ishi.html

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->