$ 68.80 - 69.15
€ 80.57 - 81.52

Анжелика Бекболиеванын күйөөсү менен ажырашуу тууралуу жазган арызы карала турган соттук отурум бир тараптын элдешүүгө мөөнөт сурагандыгына байланыштуу жылдырылды

6067 0

Анжелика Бекболиеванын күйөөсү менен ажырашуу тууралуу жазган арызы карала турган соттук отурум бир тараптын элдешүүгө мөөнөт сурагандыгына байланыштуу жылдырылды


Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу тууралуу жазган арызы боюнча боло турган соттук отурум бир тараптын элдешүүгө мөөнөт сурап кайрылганына байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 12-мартта Биринчи Май райондук сотунда Анжелика Бекболиеванын арызы каралмак. Бирок эки тараптын бири элдешүүгө мөөнөт сурап жаткандыктан отурум 2-апрелге жылдырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Бекболиева ажырашуу тууралуу арызын өткөн жылдын декабрь айында жазган. Биринчи соттук отурум 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, ага Урмат Бекболиев келбей койгон. Ошондон бери улам жылдырылып келе жатат.

Айта кетсек, ырчы, Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт бирге түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан. Жакында эле ырчы SUPER.KG порталына 11 айдан бери жолдошу менен чогуу жашабай калганын билдирген.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->