$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Ошто төрөлгөн үч эмдин экөө чарчап калды

186 0

Ошто төрөлгөн үч эмдин экөө чарчап калды


8-март күнү Оштогу облус аралык төрөт үйүндө туулган үч эмдин экөө 3-4 сутка жашагандан кийин чарчап калышкан. Оштогу облус аралык клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Козубаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, ымыркайлар энесинин курсагында 29 жума болгон кезде, ай-күнүнө жетпей төрөлүшкөн. Алар туулганда эле абалы оор деп бааланган, айы-күнүнө жетпегендиктен, дем алуу органдары жетиштүү өөрчүй элек болчу.

Балдар төрөлөрү менен жасалма дем алдырууга кошулган. Ошентсе да ымыркайлардын экөө: эркек бала 4 сутка 4 саат жашап, 12-мартка оогон түнү чарчап калган, кыз 3 сутка 2 сааттык жашоосунан кийин 11-мартта түн ичинде каза болгон. Үчүнчү наристе - эркек бала азыр төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүндө, абалы өтө оор деп бааланууда. Дарыгердин айтымында, ымыркайлардын энеси кош бойлуу кезинде аз кандуулук менен жабыркаган.

Булак: Азаттык[b][/b]

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->