$ 68.12 - 68.36
€ 78.75 - 79.87

Жарандык активисттер элдик курултай өткөрөт. Курултайга Акаев, Бакиев чакырылат

1018 0

Жарандык активисттер элдик курултай өткөрөт. Курултайга Акаев, Бакиев чакырылат


Жарандык активисттер элдик курултай өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, курултай апрель айынын ортосунда же 7-апрелде өткөрүлөт.
"Бүгүн курултайды уюштуруу тобунун жыйыны болуп өттү. Куралтай апрель айынын ортолорунда же 7-апрель күнү өтүүсү күтүлөт. Ага чейин жыйындар жер-жерлерде өткөрүлөт. Анда коррупцияга каршы күрөш, саясий куугунтук жана саясий туткундарды бошотуу тууралуу сөз болот. Ошондой эле сөз эркиндиги тууралуу талкууланат. Дагы талкуулай турган көйгөйлөр кошулушу мүмкүн", - деди Турдукулов.


Мындан тышкары ал курултайга экс-президент Аскар Акаевди жана Курманбек Бакиевди чакыруу ниеттери бар экенин кошумчалады. "Бүт саясий күчтөрдү консолидация кылуу, жаңы барактарды ачуу ниетинде аларды чакырып жатабыз", - деди жарандык активист.


Булак: super.kg

Комментариев пока нет, добавьте свой!

Ваш аватар
  




-->